Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №19 сессиясы
2018-жылдын 24-июлу № 81
Жолду оңдоо иштерине карата селден түшкөн кум-шагылды тазалоо максасында уруксат берүү жөнүндө
Кум-Арык айылындагы К.Кушубеков көчөсүнүн 420м жолун асфальт төшөө, оңдоо иштерин жүргүзүү максатында, Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезексиз №19 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Арык айылындагы К.Кушубеков көчөсүнүн 420м жолун асфальт төшөп, оңдоо иштерин жүргүзүүгө керектүү кум-шагыл алуу үчүн Жолду-Колот коктусунан жамгыр-сел учурунда агып түшкөн кум-шагылдарды тазалоо (селден сактоо дамбанын толуп кетүүсүн алдын алуу) максатында уруксат берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | А.Алымбеков |