Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII –чакырылышынын кезектүү №19 сессиясы
2018-жылдын 24-июлу № 84
МТФ участогунун башындагы 22 даана кара жыгачка уруксат берүү жөнүндө
Таза суу системасын киргизүү максатында МТФ участогунун башындагы 22 даана кара жыгачтын 12 даанасын кесүүгө жана 10 даанасын бутоого уруксат берүү өтүнүчүн карап чыгып, Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кенешинин VII–чакырылышынын кезексиз №19 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Проект боюнча курулуп жаткан таза суу системасынын МТФ участкасындагы Иогенездорф каналынан МТФ участогунун башынан Т.Казаков көчөсүнө чейин аралыктагы 22 даана кара талдын 12 даанасын толук кыркуу жана 10 даанасын 50 пайыз бутоо боюнча уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен Талас аймактык башкармалыгынан суралсын.
2. Бул кесилген кара жыгачты айыл аймактагы колунда жок жакыр үй бүлөлөргө отун катары таратылып берилсин.
3. Кыркырган кара жыгачтын ордуна жаз алды жаъы кара жыгач көчөттөрүн отургузу айыл өкмөткө милдетендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Борбашов жана ИСКАКБнын төрагасы А.Мысакановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Алымбеков |