Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 59/X-27
Айыл өкмөттүн күзөтчүсүнүн, техникалык кызматкеринин, Буденновка көрүстөнүнүн күзөтчүсүнүн, муниципалдык объектилердин күзөтчүлөрүнүн, айыл өкмөттөгү тегеректи тазалоочу жумушчулардын, аксакалдар сотунун төрагасынын, ардагерлер кеңешинин төрагасынын, спорт жетекчисинин, айдоочунун жана айыл өкмөттүн архивариусунун айлык маянасы жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын «Айыл өкмөттүн күзөтчүсүнүн, техникалык кызматкеринин, Буденновка көрүстөнүнүн күзөтчүсүнүн, муниципалдык объектилердин күзөтчүлөрүнүн, айыл өкмөттөгү тегеректи тазалоочу жумушчулардын, аксакалдар сотунун төрагасынын, ардагерлер кеңешинин төрагасынын, спорт жетекчисинин, айдоочунун жана айыл өкмөттүн архивариусунун айлык маянасы жөнүндө» маалыматын угуп,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү кызматтар бюджеттик каражаттардын эсебинен каржылансын:
- айыл өкмөттүн күзөтчүсү айына 2700 сом;
- айыл өкмөттүн техникалык кызматкери айына 2700 сом;
- көрүстөндүн күзөтчүсү айына 500 сом;
- айыл өкмөттүн тегерегин тазалоочу жумушчулар - айына по 2700 сом;
- муниципалдык объектилердин эки күзөтчүсү - айына 2700 сомдон;
- архивариус – айына 2125 сом;
- айыл өкмөттүн айдоочусу - айына 2200 сом;
- спорт жетекчиси - айына 4000 сом;
- аксакалдар сотунун, ардагерлер кеңешинин төрагалары - айына 3000 сомдон;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкуловага жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |