Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 60/X-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын 2017-жылда аткарылышы жана 2018-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча планын бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын аткарылышы канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. 2018-жылга карата социалдык-экономиканы өнүктүрүү боюнча план бекитилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |