Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 61/X-27
Жер фондунун инвентаризация боюнча материалдарын бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 15.07.2018-жылдагы №197 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топ тарабынан сунушталган жер фондунун инвентаризация боюнча материалдарын карап чыгып,
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ГПИ “Кыргызгипрозем” тарабынан сунушталган Кочкорбаев айыл аймагынын жер фондунун инвентаризация боюнча материалдары бекитилсин.
2. Кочкорбаев айылдык өкмөтүнө Кочкорбаев айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризация боюнча материалдарын бекитүү жөнүндө чечим чыгарып берүү сунушталсын.
Төрага | А. Албекенов |