Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 71/Х-27
Үй бүлөлүк даарыгерлер т обунун жетекчиси, Маданият үйүнүн башчысынын жана китепкана жетекчилеринин 2017-жылы аткарган ишинин отчету боюнча
Маданият үйүнүн башчысы В. Дурсунованын жана китепкана жетечилеринин отчетторун, ошондой эле Буденновка айылындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун башкы медициналык айымы Ж. Исаеванын калкты медициналык тейлөөнүн абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият үйүнүн башчысы В.Дурсунованын 2017-жылы аткарган иш аракеттери боюнча отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
2. Китепкана жетекчилери М. Эмильбакова жана А. Азимованын 2017-жылы аткарган иш аракеттери боюнча отчеттору канааттандырарлык деп кабыл алынсын
3. Буденновка айылынын үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун башкы айымы Ж. Исаеванын калкты медициналык тейлөө боюнча отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.
4. Социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына Буденновка айылындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобуна иштөөгө штаттык расписание боюнча даарыгерлерди жиберүү тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жасоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Дж.Райкеев |