Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 62/X-27
«Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө
«Ысык-Ата-Түндүк» кум-шагыл аралашмасы табылган жер тилкесине Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер байлыктарын колдонуу комитети тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер байлыктарын колдонуу укугу менен 2016-жылы 13-октябрда берилген № 4992 ТР лицензиясынын жана №1 лицензиялык тиркеменин ээси «Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун материалдарын карап чыгып, Кочкорбаев айыл аймагындагы 15,6 га жер тилкесинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө суроо боюнча
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Май-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймагынын 15,6 га жер тилкесинин аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбесин.
2. Кочкорбаев айылдык аймагына ОсОО «Май-Таш» бирикмесине Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймагынын 15,6 га жер тилкесинин аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүсүнө тыюу салуу жөнүндө чечим чыгаруусу сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер суроолору боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |