Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы №64/X-27
Инвестицияларды алуу үчүн ыктыярдуу жана мониторинг топторун түзүү жана жергиликтүү бюджеттин өз каражаттарын бекитүү жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын «Инвестицияларды алуу үчүн ыктыярдуу жана мониторинг топторун түзүү жана жергиликтүү бюджеттин өз каражаттарын бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп жана талкуулап, жергиликтүү бюджетке кирген кошумча каражаттын салымы пайыздык түрдө болууга тийиш экени белгиленди. «Чүй облусунун өнүгүү фондуна» айыл өкмөтү тарабынан ыктыярдуу жана мониторинг топторун түзүү боюнча эки долбоор жиберилгендигин талкуулап:
1-долбоор. «Эки айылдын көчөлөрүнө кум-шагыл төгүү жана грейдирлөө »
2-долбоор. «Жээкти бекитүү иштерин жүргүзүү иштери».
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин салымын долбоордун жалпы наркынан 32% болуп бекитилсин.
2. «Эки айылдын көчөлөрүнө кум-шагыл төгүү жана грейдирлөө » жана «Жээкти бекитүү иштерин жүргүзүү » долбоорлоруна ыктыярдуу жана мониторинг топтору бекитилсин.
Ыктыярдуу топтун түзүмү:
Тынаев Г.А. – айыл өкмөттүн адиси
Чуйтиев А.З. – айыл өкмөттүн башкы адиси
Хабибова З. – айылдык ден соолук комитети
Эминов В. – КЧ мүчөсү
Чива В – КЧ мүчөсү
Мониторинг жана баалоо тобунун түзүмү:
Кубанова А.П. – айыл өкмөттүн аскерге каттоо столунун инспектору
Гапоненко Г.М. – СООППВ башкы бухгалтери
Джумакадырова А. – Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы
Мамбеталиев Э. – жеке ишкер
Фаизов Б. – КЧ мүчөсү
Төрага | А. Албекенов |