Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-январы № 65/X-27
Кредиттик ассигнованиелердин жылдырылышы жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын маалыматын угуп жана талкуулап, атайын эсепте мам. тейлөөдөн кийин калган бош каражат калдыгын – 379,0 мин сом суммасында: Турмуш-тиричилик чарбасынын 3111 беренесине – жыл башынан бери көчөнү жарыктандыруу боюнча жумуштарды каржылоодогу карыз бар экендигине байланыштуу которуу зарылдыгы каралды. Бош калган каражат калдыгынын эсебинен негизги эсептеги кредиттик ассигнованиелерди 211,5 (эки жүз он бир мин беш жүз) сомго, айлык акыга, соцфондко калкты каттоо боюнча которууларга, карагай сатып алууга, баннерге, жалюзиге, архитектуранын жана мамрегистрдин кызматтарына, салтанаттуу иш чараларды өткөрүүгө жана башка жумуштар менен тейлөө кызматтарына кошуп, төлөмдү көбөйтүү боюнча
Кочкорбаев айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бош калган каражат калдыгынын эсебинен негизги эсептеги кредиттик ассигнованиелерди 211,5 (эки жүз он бир мин беш жүз) сомго, айлык акыга, соцфондко калкты каттоо боюнча которууларга, карагай сатып алууга, баннерге, жалюзиге, архитектуранын жана мамрегистрдин кызматтарына, салтанаттуу иш чараларды өткөрүүгө жана башка жумуштар менен тейлөө кызматтарына кошуп, төлөмдү көбөйтүлсүн.
Бөлүм: Мамлекеттик тейлөө
берене 2222 + 20,0 мин сом
берене 2215 + 10,0 мин сом
берене 2111 + 17,0 мин сом
берене 2121 + 2,9 мин сом
Бөлүм: Турмуш-тиричилик чарбасы
берене 2111 + 14, 0 мин сом
берене 2121 + 2,4 мин сом
берене 2215 + 30,0 мин сом
берене 3113 + 60,0 мин сом
Бөлүм: Клуб
берене 2111 + 4,4 мин сом
берене 2121 + 0,8 мин сом
берене 2215 + 50,0 мин сом
379,0 мин сом суммасындагы бош калдык каражат атайын эсептен Турмуш-тиричилик чарбасынын эсебиндеги 3111 беренесине жыл башынан бери көчөнү жарыктандыруу боюнча жумуштарды каржылоодогу карыз бар экендигине байланыштуу аткарылган жумуш үчүн карызды жабууга которулсун.
Бөлүм: Турмуш-тиричилик чарбасы берене 3111 +379,0 мин сом
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |