Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели № 69/X-27
Кредиттик ассигнованиелерди бош калдык каражаттын эсебинен жылдыруу жөнүндө
Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.О. Эгемкулованын “Кредиттик ассигнованиелерди бош калдык каражаттын эсебинен жылдыруу жөнүндө” маалыматын карап чыгып жана талкуулаган сон, негизги эсептеги 1564,9 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом суммасындагы калдык каражаттан “Нооруз” майрамына карата сыйлоону, чарба жана канцелярдык буюмдарды сатып алууну ж.б. жумуштарды, тейлөөнү жана Жайыт комитетинин техника сатып алуу долбоорун каржылоо үчүн көбөйтүлсүн. Кыргыз Республикасы тарабынан жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн инвестиция берүүгө жана калктын социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууда колдоо көрсөтүү максатында биргелешип иш алып барууда жергиликтүү мааниге ээ болгон алдыңкы маселелерди чечүүдө жергиликтүү коомчулукту, МСУ органдарын, коомдук жана жамааттык институттарды колдоо үчүн Агентство түзүлгөн. Агентство Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын колдоосу менен “Мал чарбачылыгын жана жайыттарды башкарууну жакшыртуу долбоорун” жүзөгө ашырууда.
Кочкорбаев айыл өкмөтү:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Бош калдык каражаттын эсебинен кредиттик ассигнованиелер негизги эсептеги 1564,9 (бир миллион беш жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом суммасындагы калдык каражаттан “Нооруз” майрамына карата сыйлоону, чарба жана канцелярдык буюмдарды сатып алууну ж.б. жумуштарды, тейлөөнү жана Жайыт комитетинин техника сатып алуу долбоорун каржылоо үчүн көбөйтүлсүн
Бөлүм: Мам. тейлөө 11 кв
берене 2111 + 222,5 миң сом
берене 2121 + 38,4 миң сом
Бөлүм: Билим берүү
берене 2221 + 172,0 миң сом
берене 2222 + 30,0 миң со
Бөлүм: ТКЧ (Турак-жай Коммуналдык Чарбасы)
берене 3112 + 702,0 миң сом
берене 2221 + 400,0 миң сом
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |