Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 72/ХI-27
Таштандыларды чогултуу үчүн таштанды салыгынын баасын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтын акысыз жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу планга чыгуу үчүн, ошондой эле муниципалдык ишкана ачуу максатында таштанды салыгынын баасын көтөрүүгө муктаж экендиги тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштанды чогултууга салык акысынын сметасы кайрадан айыл өкмөтүнүн экономист –статисти М. Сариева тарабынан бир айлык мөөнөттө эсептелинип чыгып, айылдык кенешке жооп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Төрага | Дж.Райкеев |