Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы № 73/ХI-27
Кочкорбаев айылдык аймагынын Кочкорбаев айыл өкмөтүндө муниципалдык ишкана ачуу жана Уставын бекитүү жөнүндө
Айыл аймагында таштандыларды чогултуу, айлананы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында иш-аракеттерди аткаруу максатында муниципалдык ишкана ачуу муктаж болуп жаткандыгы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкорбаев айылдык аймагында муниципалдык ишкананын ачылуусуна уруксат берилсин.
2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймагынын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
3. Бекитилген Кочкорбаев айылдык аймагынын “Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын Уставы Чүй облустук юстиция башкармалыгына юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүгө жиберилсин.
4. Бул токтом жана устав Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн Kochkorbaev.aimak.kg веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду аткаруу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.К. Керимкуловго жүктөлсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилет.
Төрага | Дж.Райкеев |