Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 77/ХII-27
Чакан ГЭС иштетүү үчүн жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
“Керамика” жоопкерчилиги чектелген коомунун 31.07.2018-жылдагы №12мил/07 Ысык-Ата суусунун жээгине (түштүк тарабы) чакан ГЭС иштетүү үчүн 2-3 гектар жер тилкесин ижарага сураган кайрылуусун карап жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Керамика” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ысык-Ата суусунун жээгине (түштүк тарабы) чакан ГЭС иштетүүсү үчүн 2-3 га жер тилкеси 5 жылга ижарага берилсин.
2. Келишим түзүү башкы адис С.Адиковго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын жер жана агрардык суроолор боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Дж.Райкеев |