Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 80/ХII-27
ҮБДТнын жетекчисинин турак жай ижарасынын акысын төлөп берүү жөнүндө
Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын Буденновка айылындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун жаңы жетекчисинин кайрылуусу боюнча ижарага алган турак жайынын ижара акысынын 50 пайызын төлөп берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы Буденновка айылындагы үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун врачына турак жайынын ижара акысынын 50 (элүү) пайызы ай сайын жергиликтүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
2. Турак жайдын ижара акысы боюнча келишим түзүлсүн жана келишимди түзүү каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Дж.Райкеев |