Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-августу № 81/ХII-27
Курманалиев айылынын мектеп окуучуларынын жол кире акысын төлөп берүү жөнүндө
Каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкулованын Курманалиев айылындагы мектеп окуучуларына мектепке барып келүүсү үчүн жол киресине жылына бир жолу төл берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д. Курманалиев айылындагы мектеп окуучуларына мектепке барып келүүсү үчүн жол киресине жергиликтүү бюджеттен жылына бир жолу 20000(жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Мектеп окуучуларына жол кире акысын төлөө үчүн келишим түзүлсүн жана келишимди түзүү каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн
Төрага | Дж.Райкеев |