Редакцияот 25.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 25-сентябры № 82/ХIII-27

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союздук мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкорбаев айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 (бир) жолу калктын санына жараша 1(бир) кишиге 1 (бир) сомдон кем эмес мүчөлү төлөм төлөнүп берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Албекенов