Редакцияот 30.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 30-октябры № 6-8-4

Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасынын экинчи орун басарын шайлоо жѳнүндѳ

Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттарынын сунуштарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 38-беренесине ылайык шаардык кеңештин төрагасынын экинчи орун басарын шайлоо боюнча депутататрдын сунуштарын угуп, жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасынын экинчи орун басарын шайлоо жөнүндө депутататрынын сунуштары эске алынсын.  

2.  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 38-беренесинин негизинде 30 “Макул” добуш менен Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасынын экинчи орун басары болуп Ырысбаев Парпибай Чыйбылович шайлансын.

3.  Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.  Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси-жооптуу катчысына (А.Э.Мамасалиев) жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.К.Барбиев