Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-6
Майлуу-Суу “Шаарсууканал” мекемесинин сууга болгон жаңы тарифтерин келишимге ылайык бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын “Шаарсууканал” мекемесинин башчысы М.Р.Жаркуловтун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу “Шаарсууканал” мекемесинин башчысы М.Р.Жаркуловтун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги №33 буйругу жана депутат М.А.Токтабаевтин жүргүзүлгөн төлөмдүн көп бөлүгү кредитке төлөнсүн деген сунушу эске алынсын (Тиркеме №1)
3. Европалык Өнүктүрүү Реконструкциялоо Банкы (ЕӨРБ) менен түзүлгөн келишимдин негизинде Майлуу-Суу шаарынын ичүүчү таза сууга болгон жаңы тарифи биринчи этап боюнча 30% жогоруу бекитилсин (Тиркеме №1).
4. Бул токтомдун аткарылышы “Шаарсууканал” мекемесинин мүдүрүнө (М.Р.Жаркулов) жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаарынын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |
| «Бекитемин» ШСКМнин жетекчиси ________Жаркулов М.Р «___»__________2018ж |
№ | Кызматтын аталышы | өлчөмү | өлч. баасы (КНС, САС жок) 2015ж. | Азыркы тарифтер | Айырма |
1 | Ѳргүү чарбалык ичүүчү суу: | 1м³
| 5,41 | 7,03 | 129,9 |
| калкка | 1м³
| 4,61 | 5,62 | 121,9 |
| өнөр жай ишканаларына | 1м³
| 5,69 | 7,62 | 133,9 |
| бюджеттик уюмдарга | 1м³
| 5,69 | 7,62 | 133,9 |
2. | Саркынды сууну кабыл алуу жана зыянсыздандыруу: | 1м³
| 8,50 | 10,23 | 120,4 |
| калкка | 1м³
| 6,15 | 7,26 | 118,0 |
| өнөр жай ишканаларына | 1м³
| 11,52 | 13,77 | 119,5 |
| бюджеттик уюмдарга | 1м³
| 11,52 | 13,77 | 119,5 |
Башкы инженер Асыранкулов.ЖА
Башкы эсепчи Муссакулов.Д.К
ПЭО бөлүмүнүн башчысы Герцен.Л.В
ОМТС экономисти Жалалдинов.А.Р