Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-7
З.Кутманова көчөсүндө жайгашкан №2 жатакананы муниципалдык менчик башармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевдин, шаардын аймагында турак жай фондун сактап калуу максатында,З.Кутманова көчөсүндө жайгашкан №2 жатакананы кайрадан муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагына өткөзүү боюнча маалыматын талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы А.И.Айтиевдин жасаган доклады эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын З.Кутманова көчөсүндө жайгашкан №2 жатакананын бүгүнкү күндөгү калдык баасы (остаточный стоимость) көз карандысыз баалоочу аркылуу бааланып, муниципалдык менчик башкармалыгына кайтарылып берилсин.
3. З.Кутманова көчөсүндө жайгашкан №2 жатаканасын түзүлгөн актыларына ылайык Майлуу-Суу колледж тарабынан келтирилген зыян (жоготулган буюмдар) Майлуу-Суу колледжи тарабынан төлөнүп берилсин.
4. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (А.И.Айтиев),мэриянын турак жай комиссиясынын чечимине ылайык, З.Кутманова көчөсүндө жайгашкан №2 жатакананы турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга бөлүп берүү боюнча иш алып барсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин бюджет, каражат жана инвестициялырды тартуу боюнча комитетинин төрагасына (К.Ю.Токтоназаров), Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |