Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-8
Шаар тибиндеги поселекторго айыл статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 15.03.2017-жыл чыг.№01-25/89сандуу катынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө”жобосуна ылайык тотомдун 2-подпунктун карап,талкуулап,депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык тотомдун 2-подпункту тууралуу депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө” жобосуна жана тотомдун 2-подпунктуна ылайык шаар тибиндеги поселекторго айыл деген статус берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Э.Малабеков) жана шаардын 1-вице мэрине (З.К.Расулов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барбиев |