Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-9
Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө (ШИИБ),№2 орто мектепке,Жалпы дарыгерлер практикалык борборуна (ЖДПБ) жана медициналык колледжинин долбоорлоруна макулдук берүү жѳнүндѳ
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 02-февралындагы чыг.№01-14/199 сандуу катынын негизинде шаардын мэри Н.А.Маматовтун докладын угуп,талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун доклады жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан каржылануучу төрт долбоорго (ШИИБ,ЖДПБ,Мед.колледж, №2 орто мектеби) Майлуу-Суу шаардык кеңеш тарабынан жактырылып,макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине (Н.А.Маматов) жүктѳлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жана шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |