Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-11
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 270 000 сом шаардык билим берүү бөлүмүнө которуп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын Ю.Гагарин атындагы №4 инновациялык гимназия мектебинин “МерсиКо” долбору аркылуу «Технобренд» ЖЧК компаниясы менен болгон келишимдин негизинде АКШ айыл-чарба департементинин «МакГаверна-Доула» азык-түлүк программасын ишке ашыруу үчүн №4 инновациялык гимназия мектебинин ремонттук иштери үчүн өздүк салым катары мектепке жергиликтүү бюджеттин эсебинен 270,0миң сом бѳлүнүп берилсин.
3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаарынын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жана шаардык каржы бөлүмүнүн башчысына (Г.Райимбекова) жүктөлсүн .
Төрага | Б.К.Барбиев |