Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-октябры № 6-8-12
Жергиликтүү бюджеттин бюджеттик мекеме-иш каналардан 2018-жылда үнөмдөлгөн жана кошумча акча каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун,шаардык мекеме-иш каналардын кайрылуу каттарынын негизинде бюджеттик мекеме иш каналарынан 2018-жылда үнөмдөлүп калган акча каражаттарды бөлүштүрүп иштетүү боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун бюджеттик мекеме иш каналарынан 2018-жылда үнөмдөлүп калган акча каражаттарды бөлүштүрүп иштетүү жөнүндө маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Бюджеттик мекеме-иш каналарынан 2018-жылда үнөмдөлүп калган акча каражаттары боюнча 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө тактоо жүргүзүлсүн жана кошумча чыгашалар үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен каржылансын.
3. Υнөмдөлгөн акча каражаттардын түшүшүнө карап бөлүштүрүүгө (жумшоого) Майлуу-Суу шаардык мэриясына (Н.А.Маматов) уруксат берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэрине (Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага шаардык кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токоназаров) жүктөлсүн.
Төрага | Б.К.Барпиев |