Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXYII-чакырылыштагы III-сессиясы
2018-жылдын 18-февралы №3/1
Тарифтерди бекитүү жөнүндө
Айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга,мал багуу акыларын жана башка чарбалык иштердин кызмат акыларын бекитүү максатында Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл калкынын жазгы айдан себүү иштерин жүргүзүүгө карата айылдагы техника ээлеринин жана мал багуучулар менен жалпы жыйналышта түзмө-түз сүйлөшүүнүн негизинде макулдашылган баа боюнча айыл чарба жумуштарын ишке ашырууга кызмат акылары төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
| Жерди иштетүүнүн түрлөрү | 1га үчүн сом менен | ГСМ | ДТ-75 |
| Жер айдоо аныз жер | 800 |
|
|
| Жер айдоо гусеничный трактор | 800 |
|
|
| Беде бузуу | 1000 | 20-30 чейин |
|
| Аныз бузуу | 800 | 20 |
|
| Тырмоо | 300 | 10 |
|
| себүү | 400 | 10 |
|
| Шакап тартуу | 50 | 2 |
|
| Кара сугат | 1000 |
|
|
| Беде сугат | 700 |
|
|
| Дан сугат | 800 |
|
|
| Жер сугат | 800 |
|
|
| Чөп чабуу(ЖАТКА) | 1000 | 10-15 |
|
| Чөп чабуу(КОСИЛКА) | 700 | 10 |
|
| Чөп тырмоо | 300 | 5 |
|
| Тартуу(Кытай-Арык) | 400 | 5-25 |
|
| Тартуу айылдын тегереги | 300 | 5-15 |
|
| Эгин чабуу | 1700 | 20 |
|
| Эгин тартуу(Кытай-Арык) | 350 | 10-20 |
|
| Айылдын тегереги | 300 | 5-15 чейин |
|
| Чөп тангактоо 1шт | 7 | 1 шт 10 лт май |
|
2. Мал багуу акылары кой-эчки жана бодо мал туралуу.
Кой,эчки бир башка бир айга-35 сом
Бодо мал бир башка бир айга-250 бука 300 сом
3. Жазгы корук иштери 2018-жылдын 25-апрелден тарта башталып чабандар 5- майга чейин кочуп кетишсин. Мөөнөтүнөн мурда көчүп келген мал багуучуларга жеринде барып,акт тузулуп,административдик жаза колдонууга укук коргоо органдарына материалдары өктөрүлүп берилсин.
4. Мал багуучулардын график боюнча көчүп конуу иштерин көзөмөлгө алуу,эрте көчүп келген малчыларга карата жаза колдонуу аракеттерин Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана айыл башчылар,кураторлор иш алып барышсын.
5. Корук учурунда корук аянттарына кирген малга мал ээсинен төиөндөгүдөй тартипте кароочулар айып пул алышсын:
Кой,эчкиге ар бир башына 20 сомдон
Жылкы,уй,эшекке ар бир башына 100 сомдон,ал эми эгин бышып орула элек маалда корулган жерге түшкөн малга 2 эселеген тартипте айып алынсын.
Камакка түшкөн малдын ээсине кароолчу билдиргенден кийин мал ээси малын чыгарып кетпей,малы зыян тартса,кароочулар жооп бербейт.
6. Суу бөлүштүүчү мураптарга ар бир гектарына тейлеп берген акысы үчүн 100 сомдон акы алышсын.Сууну сурабай өз билемдиги менен жыгып алган атуулдарга күбөлөрдүн катышуусу менен акт түзүлүп ,1500 сомго чейин айып салынсын.Айып төлөбөсө кайра суу берилбесин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | З.Алдакеев |