Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 1
«Исфана шаарынын аймагындагы №48 кесиптик лицейине Ч.Т. Айтматовдун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө»
Исфана шаарынын аймагындагы №48 кесиптик лицейине Ч.Т.Айтматовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу» Жобонун 1-2 бөлүмдөрүнө ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагында жайгашкан №48 кесиптик лицейине залкар жазуучу, ойчул, даанышман жана гуманист Айтматов Чыңгыз Төрөкуловичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |