Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 2
Исфана шаар мэриясына караштуу Мурза-Патча жана Кара-Таш айылдарындагы жаны ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ат коюу жөнүндө
Исфана шаар мэриясына караштуу Мурза-Патча жана Кара-Таш айылдарындагы жаны ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемелерине ат коюу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 17-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясына караштуу Мурза-Патча айылындагы жаны ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Агартуу” жана Караташ айылындагы жаны ачылган мектепке чейинки билим берүү мекемесине “Лейлек Алтын-Таажы” аталыштары берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |