Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 1
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына өзгөртүү киргизип берүү боюнча 2017-жылдын 16-февралында сунуш кат менен кайрылган. Сунуш катта үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамынын төрагасы болуп Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы Өмүралиев Эсентур киргизилген. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги демилгелөөчү топтун төрагасы шаардык мэриянын жооптуу кызматкерлери болбой тургандыгын белгилөө менен кайрадан курамды өзгөртүү сунушун берген.
Нарын шаардык мэриясынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына өзгөртүү киргизип берүү боюнча сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын №2 токтому менен бекитилген үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун иш кагаздарын даярдоо жана тандоо боюнча демилгелөөчү топтун курамына Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде өзгөртүү киргизилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Ботоканов |
Тиркеме
Курманов Давид - Нарын шаардык Кеңешинин депутаты комиссиянын төрагасы;
Үрүстөмов Жекшен - Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынын жетекчиси-комиссиянын катчысы;
Дүйшөналиев Алмаз - КРӨ Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси;
Өмүралиев Эсентур - Нарын шаардык мэриясынын бөлүм башчысы;
Нурмамбетова Гүлзат - Нарын билим берүү агенттигинин жетекчиси;
Жумаев Майрамбек - “ЛАРК” коомдук фондунун юристи;
Капарова Жылдыз - “Ай- Мээри” коомдук уюмунун жетекчиси;
Супатаева Гүлзат - “Өнүгүү жана жаратман” коомдук фондусунун төрайымы;
Асанова Бурул -“Кундуз БИК” кондоминиумунун жетекчиси.
Жоопту катчы | А.Абдыкеримов |