Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-ноябры № 30/1
Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 2 957 615,64 (эки миллион тогуз жүз элүү жети миң алты жүз он беш сом алтымыш төрт тыйын) сом акча каражаттын бөлүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жумакадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча жер кыртышын пайдалануудан түшкөн 2 957 615,64 (эки миллион тогуз жүз элүү жети миң алты жүз он беш сом алтымыш төрт тыйын) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
- Муниципалдык ишканага 301 521 сом;
- Таза сууга 60 000 сом;
- Кызматтык автомашинанын ремонтуна 46 400 сом;
- Айыл өкмөткө мебель алууга 130 000 сом;
- Бензин 95 094.64 сом;
- Кызматтык кыдырууга 30 000 сом;
- Кеңсе товарларына 100 000 сом;
- “Жашыл долбоордун” айланасын тосууга түркүккө профил алууга 100 000 сом;
- Турба 500 дм узуну 4 метр сатып алууга 110 000 сом;
- Ийне сайуучу жай, баняга гос акт алууга 50 000 сом;
- Кормо цех гос акт алууга 100 000 сом;
- Топосьемкага 20 000 сом;
- МЧСке бурч жазатууга 25 000 сом;
- Айылдын ген планын бүткөрүүгө 300 000 сом;
- Айыл ичиндеги жолдордун АПУсун бүткөрүүгө 400 000 сом;
- Провод, зым алууга 20 600 сом;
- Таза суунун трасформаторунун ремотуна 44 000 сом;
- Ордо оюуну боюнча мелдеш өткөрүүгө 25 000 сом;
- Айыл ичиндеги жолдордун ремонтуна 1 000 000 сом;
2. Бөлүнгөн акча каражаты атайын түзүлгөн смета расходко ылайык жүргүзүүнү көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Каражаттын өз убагында көрсөтүлгөн багытка которуу боюнча кыймылдарды жүргүзүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. Ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У. Мокешов |