Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылыштынын XXVI- сессиясы
2018-жылдын 13-сентябры № 26/4
Ак-Муз айылынын тургуну Мокешов Эркинбектин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңештин төрагасы А. Айыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Ак-Сай” өрөөнүнүн “Көк-Кыя” участкасындагы № 15 контурунан 0,05 га жер аянты там, сарай салууга жеке менчигине берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары У. Мокешовго тапшырылсын.
Төрага | А. Айыпов |