Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылыштынын XXVIII- сессиясы
2018-жылдын 05-октябры № 28/1
Ак-Муз айылдык Кеңешинин 02.08. 2018-жылдагы № 24/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылдык Кеңешинин 2-август 2018-жылдагы № 24/3 токтомуна өзгөртүү киргизилип, жергиликтүү бюджеттен экскаватор алуу үчүн бөлүнгөн 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго погрузчик сатып алынсын;
2. Экскаватор алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан жарыя кайра чакыртып алынып, погрузчик сатып алууга жарыя берилсин;
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |