Редакцияот 24.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI-чакырылыштын IV-сессиясы

2018-жылдын 24-марты № 4/4

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнүндѳ» Мыйзамынын 4 – беренесине ылайык Нарын облусунун Ат – Башы районунун Ак – Муз айылдык Кеңеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Ак – Муз айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак – Муз айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары ѳткѳрүлүп берилсин.
  2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын кѳп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргузүүсү милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтомдун экинчи бѳлүгүндѳ кѳрсѳтүлгѳн пландар ѳз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүндѳ ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса ѳткѳрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт комитетине эскертилсин.
  4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчѳлѳрунѳ, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий ѳкүлчүлүктѳрүнѳ Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык ѳз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
  5. Жайыт комитетине жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды ѳз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдѳ жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай кѳрсѳтүлүп туруусу белгиленсин.
  6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш – чаралар Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жѳнундѳ» Мыйзамынын негизинде жүргузүлүүсу каралсын.
  7. Ушул токтом айыл ѳкмѳтунун аппаратынан каттоодон ѳткѳрулуп, www.ak-muz/kg. веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизу учун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтулсун.
  8. Бул токтомдун аткарылышын тейлѳѳ Ак – Муз айыл аймагынын башчысы А. Капатовго жүктѳлѳт.

 

Төрага

А. Абдырахманов