Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылыштын IV-сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 4/8
Ак-Муз айыл аймагынын мал жандыктарын идентификациялоо жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мал чарба жана ветеринария боюнча башкы адис Ү. Саалаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын мал жандыктарын идентификациялоонун тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
-вилка баасы 40 сом;
-кызмат көрсөтү 30 сом;
Жалпы: 70 сом.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |