Загрузка документа…
КАРА-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 02-декабры № 02
Кара-Ой айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабылалуу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 26-беренесинин 1-1-пунктунун, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Кара-Ой айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кара-Ой айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кара-Ой айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин «Депутаттардын иши, этика, мыйзамдуулук, укук маселелери, мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар менен иш алып баруу» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Айылдык кеңешинин чечимин аткарылышын контролдоо жагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тюлегеновго тапшырылсын
Төрага | Б.У. Усенбеков |