Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2017-жылдын 21-декабры №90/15-4

Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы №40/8-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын курамы өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 29.08.2017-ж. протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы №40/8-4 токтому менен бекитилген, Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- “Калданов М.О.” – орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча Комиссиясынын курамынан чыгарылсын;

- “Сатыбалдиев У.С.” – орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча Комиссиясынын курамына төрага болуп киргизилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев