Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №92/15-4
“Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Т.Исмаилованын 26.06.2017-ж. арызын, Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 14.07.2017-ж. №1443/1-4 катын жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын 2017-жылдын 3-июлундагы №8 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 6-сентябрындагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Токмок ш. Дубовицкий көчөсү, №86 дарегинде жайгашкан, Т.Исмаиловага таандык болгон жеке менчик укугундагы аянты 3050 ч.м. жер тилкесин Р-1 зонасынан (шаардык парктардын зонасы) Ц-1 зонасына (шаардын борбору зонасы) көп кабаттуу үйүн куруу үчүн которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |