Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №93/15-4
“Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 08.12.2017-ж. №2191/1-4 катын жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын 2017-жылдын 30-ноябрындагы №10 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- Токмок ш. С.Ибраимов көчөсү, (“Мүрөк” базарынын району) дарегинде жайгашкан, Н.Т.Абдылашовага таандык болгон жеке менчик укугундагы аянты 2000 ч.м. жер тилкесин Р-2 зонасынан (рекреациялык-ландшафттык аймактардын зонасы) К-1 зонасына (коммуналдык ишканалар, траспорт, жайгаштыруу жана майда өндүрүш зонасы) профилин өзгөртүү үчүн автоунаа май куючу жайы автоунаа газ куючу жайга которулсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |