Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №94/15-4
Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-февралындагы №139/18-3 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 08.12.2017-ж. №2190/1-4 катын жана Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын 2017-жылдын 3-ноябрындагы №10 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып, орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 15-декабрындагы протоколуна ылайык, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-февралындагы №139/18-3 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-1-п. абзацындагы “А.И.Валерхановдун” деген сөздөрдү “Ясыров Двумар Адановичтин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
-1-п.абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндансын:
“-Токмок ш. түндүк –чыгыш тарабында жайгашкан, Ясыров Двумар Адановичтин жеке менчигинде 1 га жер тилкеси Р-2 зонасынан (рекреациялык-ландшафттык аймак) С-1 (чоң тилкелер менен саламаттык сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт объектилери) зонасына медресе жана спорткомплекс куруу үчүн которулсун”.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |