Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры №95/15-4
10 жылдык мөөнөткө 50% ижара акысын кыскартуу менен ижарага жер тилкеси менен турак эмес жайларды Р.А.Джамалиевге берүүгө макулдук берүү жөнүндө
(Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 5-августундагы № 227/36-5 токтомунун редакциясына ылайык)
Р.А.Джамалиевдин 2017-жылдын 16-декабрындагы кир.№497/02-12 арызын карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести,ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медициналык максаты үчүн 10 жылдык мөөнөткө ижарага, Токмок ш. Дунларов көчөсү, 120 дарегинде жайгашкан аянты 1292,9 ч.м жер тилкеси менен аянты 636 ч.м турак эмес жайларды Джамалиев Рифкат Анваровичке берүүгө макулдук берилсин.
(Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 5-августундагы № 227/36-5 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токмок ш. мэриясы Джамалиев Рифкат Анварович менен ижара келишимин ушул токтомдун 1-пунктун жетекчилигинде так түзүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |