Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 97/15-4
А.Аилчиевага “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө
2017-жылдын 18-июлундагы «Токмок шаарынын Ардактуу жараны» наамын ыйгарууга сунуштамаларды кароо боюнча комиссиясынын чечимин карап жана талкуулап чыгып, «Токмок шаарынын Ардактуу жараны жөнүндө» Жобону, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аилчиева Айнурага Токмок шаарынын Ардактуу жараны наамы ыйгарылсын.
2. А.Аилчиевага күбөлүк, төш белги жана бир жолу 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө акчалай сыйлык даярдалсын жана берилсин.
3. Токмок шаарынын Ардактуу жараны Аилчиева Айнуранын аты Токмок шаарынын Даңк китебине киргизилсин, «Токмок шаарынын Ардактуу жарандары» шаардык тактасына фотосүрөтү жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |