Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21 декабры № 99/15-4
Ленина көч. тратуарларын оңдоо (Шамшы көч. Комсомол көч. чейин) долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 14.11.2017-ж.№2021/1-4 Ленин көч. тратуарын оңдоо (Шамшы көч. Комсомол көч.чейин) жөнүндөгү долбоорду үлүштүк каржылоого 2018-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.11.2017-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Ленин көч. тратуарын оңдоо (Шамшы көч. Комсомол көч. чейин) долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2018-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 1452471 (бир миллион төрт жүз элүү эки миң төрт жүз жетимиш бир)сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин эконогмика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |