Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 100/15-4
№ 9 орто мектебинин жылуулук тармагын которуу иштери боюнча долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 14.11.2017-ж.№2021/1-4 №9 орто мектебинин жылуулук тармагын которуу иштери боюнча) жөнүндөгү долбоорду үлүштүк каржылоого 2018-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.11.2017-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. №9 орто мектебинин жылуулук тармагын которуу иштери боюнча долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2018-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 1271919 (бир миллион эки жүз жетимиш бир миң тогуз жүз онтогуз) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |