Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 102/15-4
Токмок ш. №13 орто мектебинин чатырын бүтүндөй оңдоо долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 14.11.2017-ж.№2021/1-4 №13 орто мектебинин чатырын бүтүндөй оңдоо жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2018-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.11.2017-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. №13 орто мектебинин чатырын бүтүндөй оңдоо жөнүндө долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2018-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 1378025 (бир миллион үч жүз жетимиш сегиз миң жыйырма беш) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |