Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 103/15-4
Токмок ш. 3-кичирайондун аймагындагы жайгашкан сугаруу тармагын оңдоо долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 14.11.2017-ж.№2021/1-4 3-кичирайондун аймагында жайгашкан сугаруу тармагын оңдоо жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2018-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика,бюджет,каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.11.2017-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. 3-кичирайондун аймагында жайгашкан сугаруу тармагын оңдоо жөнүндө долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2018-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 785622 (жети жүз сексен беш миң алты жүз жыйырма эки) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |