Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 105/15-4
Токмок ш. №12 орто мектебинин бүтүндөй жылуулук тармагын оңдоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 14.11.2017-ж. №2021/1-4 №12 орто мектебинин бүтүндөй жылуулук тармагын оңдоо жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2018-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.11.2017-ж. отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. №12 орто мектебинин бүтүндөй жылуулук тармагын оңдоо жөнүндө долборуу боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2018-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүнүндө 2091394(эки миллион токсон бир миң үч жүз токсон төрт)сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жына инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |