Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2017-жылдын 21-декабры № 106/15-4

Бишкек ш. “Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2 (эки) атайын таштанды жыйноочу техникасын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Бишкек шаардык кеңешинин 14.07.2017-ж. №1124 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 1-августундагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек ш. “Тазалык” Муниципалдык ишканасынын 2 (эки) атайын таштанды жыйноочу техникасын Токмок ш. муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев