Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 107/15-4
Чүй облустук өнүктүрүү фонду аркылуу Токмок ш. “Жеңиш Скверинин тышкы жарыктандырунун түзүлүшү” долбоордун конкурсуна катышууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б.Келдибековдун 06.11.2017-ж. чыг.№1984/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 16-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облустук өнүктүрүү фонду аркылуу Токмок ш. “Жеңиш Скверинин тышкы жарыктандырунун түзүлүшү” долбоордун конкурсуна катышууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэрине (Н.Б.Келдибеков) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |