Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2017-жылдын 21-декабры № 108/15-4
“Токмок Водоканал” Муниципалдык ишканасынын суу түтүгү менен суу берүү жана агынды (канализация) сууларын кабыл алуу, тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскурантын бекитүү жөнүндө
“Токмок Водоканал” МИнин директорунун 15.08.2017-ж. №448 катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-ноябрыдагы өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча жана 2017-жылдын 21-ноябрындагы экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын протоколдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок Водоканал” Муниципалдык ишканасынын суу түтүгү менен суу берүү жана агынды (канализация) сууларын кабыл алуу, тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскуранты бекитилсин (тиркеме).
2. Токмок шаардык кеңешинин 02.10.2014-ж.№123/16-3 токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |
| Тиркеме № 1 Токмок шаардык кеңешинин 2017- жылдын 21-декабрындагы № 108/15-4 токтому менен бекитилген |
“Токмок Водоканал” Муниципалдык ишканасынын суу түтүгү менен суу берүү жана агынды (канализация) сууларын кабыл алуу, тазалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн бааларынын прейскуранты
№ | Аталышы | Өл.бир. | Ичүүчү сууга тариф | Агынды сууларын тазалоого тариф |
1. | Калк | 1м³ | 8 сом 00т. | 5 сом 00т. |
2. | Өнөр-жай, бюджеттик жана башка уюмдар | 1м³ | 26 сом 50т. | 17 сом 41т. |
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчынын м.а | Т.Р.Тусупбекова |