Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры № 109/15-4
Токмок ш.Жантаев көчөсү,№90, №66-батиринде жайгашкан турак-жайга “кызматтык” статусун ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. биринчи вице-мэри Н.Б.Келдибековдун 03.11.2017-ж. чыг.№1976/1-4 катын карап жана талкуулап чыгып жана орто жана кичи бизнести,ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 28-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. жергиктүү өз алдынча башкаруу органынын муктаж муниципалдык кызматкерлерине кызматтык максаттарына андан ары берүү менен Токмок ш. Жантаев көчөсү, №90, №66 – батиринде жайгашкан турак-жайга “кызматтык” статусун ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. биринчи вице-мэрине (Н.Б.Келдибеков) жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |