Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 112/15-4 «Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 15 000 000,0 (он беш миллион) сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасынын «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын алдында, колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө»

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 112/15-4
Кабыл алынган
2017-жылдын 21-декабры
Чыгарган
Токмок шаардык кенеши

Каттоо жана жарыялоо

Жарыялоо
gk.tokmokcity.kg · 2018-жылдын 19-ноябры
Реестрде
2018-жылдын 20-ноябры

Реестрде

Минюст коду
412985

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция21.12.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

2017-жылдын 21-декабры № 112/15-4

“Республикалык бюджеттен шаардын жергиликтүү бюджетине келген 15 000 000,0 (он беш миллион) сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом өлчөмүндөгү максаттуу трансферттерди “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканасынын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын алдында, колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн жөнөтүүгө макулдук берүү жөнүндө”

Токмок ш. мэри Ж.Дж. Шамыралиевдин 01.08.2017-жылдын №1415/1-4 жана 29.08.2017-ж. №1584/1-4 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 1-августундагы жана 2017-жылдын 29-августундагы отурумдарынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Республикалык бюджеттен келген 15 000 000,0 (он беш миллион) миң сом жана 8 000 000,0 (сегиз миллион) сом ѳлчѳмүндѳгү каражаттар Токмок ш. муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511-беренеси боюнча, баанын өндүрүштүн орточо чыгымдарынын деңгээлинен төмөн белгиленишинин себебинен улам тарткан чыгымдарын компенсациялоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз түрдө “Токмок Жылуулук” МИсине учурдагы финансылык жардам катарында жөнөтүүгө макулдук берилсин.

2. “Токмок Жылуулук” МИси тарабынан бөлүнгөн каражаттар “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсына колдонулган жаратылыш газына болгон кредитордук карыздарын жоюу үчүн которулсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.