Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-февралы №1
Өрүктү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин айлык маянасына кошумча акча каражатынын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндо» мыйзамынын 6 гл. 31-беренесине 6-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмотүнүн 2017-жыл 1-марты №131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Г.Айманбаевага айлык маяна көлөмү көбөйтүү жөнүндогү кайрылуусун каран, галкуулап чыгып Өрүктү айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Өрүктү айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде белгиленген 8 (сегиз) сааттан ашык иштегендери үчүн. ошондой эле апрель айынан тартып октябрь айына чейин ишенби күндөрү айыл аймагындагы таштандыларды тазалоо жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иплерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу, социалдык жактан коргоо максатында кызмат акыларына кошумча 15% пайыз өлчөмүндө акча-каражаты кошулсун.
2. Жыл ичинде акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун агкарылышы Өрүктү айыл аймагынын башчысы Эсенов ЭЛИ. жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Айманбаева Г.Т. милдеттендирилсии.
4. Токтомду козомолго алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | Мамбетов А.Б. |